Биз менен байланышыңыз

Түрк мектебиндеги окуя: депутаттын айткандары жоопсуз калды

Билим-маданият | 21 Фев 2019 | 855 | 0

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кампусунда жайгашкан мектептин мүдүрү окуучуларга ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жалпы жыйында айтты. Депутатка ал жерде балдары билим алган ата-энелер кабарлашкан. Карамушкинанын белгилешинче, директор окуучуларды өз бөлмөсүнө алып кирип, өзүнүн жана балдардын кийимин чечкен. Эс алуу үчүн тоого чыкканда да балдарга жаман ниетте тийишкен.

9 жаштагы окуучу мындай көрүнүштү айтканда, аны мектептен айдаган. Ата-энелердин сөзү боюнча директор уялбастан Кыргызстандын жарандыгынан баш тартып Түркиянын жарандыгын алууну талап кылган. Бул мектепте 8 жылдык окуудан кийин балдарды Түркияга жөнөтөт. Алар кийин Түркиянын армиясында аскердик кызмат өтөй турганын айтыптыр. Мектептин 20 жылдан бери лицензиясы жок, Билим берүү министрлиги мындай мектеп бар экенинен кабарсыз.

Жагдайды тактоо үчүн аталган министрликке кайрылганыбызда маалымат такталып жатканын гана айтып тим болушту.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети да жагдайды жетекчилик менен тактап жатканын, бир аздан кийин жооп берерин билдирди.

Бирок, бир нече жолку байланышка чыгып жатып, аталган окуу жайдын өкүлү Кундуз аттуу айымдан учкай жооп ала алдык. Аталган мектеп “Манас” университетинин аймагында жайкашканы менен окуу жайга тиеше жок экенин, бул боюнча Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылууну сунуштады.

Ал эми Түрк элчилигине байланышуу мүмкүн болгон жок.

Кошумчалай кетсек, ал жерде 200дөй кыргызстандык окуучу билим алары, алардын көбүнчөсү  шарты начар үй-бүлөлөрдүн балдары экендиги да айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM