Биз менен байланышыңыз

Ала-Букада 427 миң сомдук аткез жүк кармалды

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 427 | 0

Жалал- Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы мамлекеттик чек арадан аткезчилик жол менен алынып келаткан жүк кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Текшерүү учурунда Кыргызстандын 2001-жылы туулган Б. А. аттуу жараны Өзбекстандан Кыргызстанга медициналык буюмдарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүктүн жалпы наркы 427 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жүгү менен кошо тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM