Биз менен байланышыңыз

Светлана Тихановская АКШга барат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 728 | 0

Беларусь саясатчысы, президенттик шайлоодо талапкер болгон Светлана Тихановская АКШга иш сапары менен барат. Анын Жо Байден менен жолугушары күтүлүүдө. Оппозиция лидери бул тууралуу Женевада өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Тихановскаянын айтымында, ал буга чейин АКШнын Беларусиядагы элчиси менен сүйлөшкөн. Бирок сапардын качан болорун айткан жок, болгону Байден менен жолугушууну чыдамсыздана күтүп жатканын  маалымдады. Оппозиция лидери: «Вашингтон буга чейин Беларусиядагы кризисти жөнгө салууга кандайдыр бир деңгээлде катышкан», — дейт.

Ошондой эле Тихановская жакынкы айларда Беларусияга кайтып келүүгө үмүттөнүп жатканын, өз өлкөсүнүн оппозициясы сентябрь же октябрь айларында жаңы шайлоо өткөрүүнү каалай турганын кошумчалады.

Беларусияда президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциялары алты айдан бери уланууда. Митингчилердин шайлоонун жыйынтыгына каршы аракеттери укук коргоо органдары тарабынан кескин басылып жатат. Он миңдеген адам камакка алынды, алардын көпчүлүгү убактылуу кармоочу жайларда кыйноолорго жана уруп-сабоолорго тушукканы айтылууда. Коопсуздук күчтөрү менен болгон кагылышууда жалпысынан төрт адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM