Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Тихановская Ангела Меркель менен жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 511 | 0

Бүгүн, 6-октябрда Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун атаандашы катары президенттикке талапкер болгон Светлана Тихановская Берлин шаарында, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушат. Анда Беларусиядагы шайлоодон кийинки окуялар тууралуу сөз болору айтылууда.

Буга чейин ал Макрон менен жолугушуп, андан Беларусиянын президенти Александр Лукашенко менен сүйлөшүү үчүн ортомчу болуп берүүнү суранганы маалымдалган.

Беларусияда 2 айдан бери массалык нааразычылык акциялары уланып келет. Алар Александр Лукашенко отставкага кетип, жаңы шайлоо өтүшүн талап кылышууда.

Кошумчалай кетсек, Евробиримдик президенттик шайлоодон кийин башталган өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Беларусиядагы 40тай чиновникке санкция киргизди. Азырынча бул тизмеде президенти Александр Лукашенко жок.

Ал эми Балтика өлкөлөрү Латвия, Литва жана Эстония Александр Лукашенкого жана Беларусиянын 29 бийлик өкүлүнө каршы санкция жарыялап, өз өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салган.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, азыр Лукашенкону тизмеге киргизүү сүйлөшүү процессине тоскоолдук кылышы мүмкүндүгүн билдирди.

Эгер Беларус президенти өз эли менен диалог түзө албаса, кийинчерээк ага карата да санкциялар киргизилиши мүмкүн экендиги кабарланган. Лукашенко 2016-жылга чейин да Евробиримдиктин санкциялар тизмесинде болгон.

Copyright © 2017 Maral FM