Биз менен байланышыңыз

Тихановская Ангела Меркель менен жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 354 | 0

Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун аттаандашы катары президенттикке талапкер болгон Светлана Тихановская 6-октябрда Берлин шаарында, Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушары күтүлүүдө. Анда Беларусиядагы шайлоодон кийинки окуялар сөз болору айтылган.

Буга чейин ал Макрон менен жолугушуп, андан Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун режими менен диалогдо ортомчу болууну суранганы маалымдалган.

Беларусияда дээрлик 2 айдан бери массалык нааразычылык акциялары уланып келет. Алар Александр Лукашенконун отставкасын талап кылып, жаңы шайлоону өткөрүү керектигин айтып келишет.

Кошумчалай кетсек, Евробиримдик президенттик шайлоодон кийин башталган өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Беларусиядагы 40тай чиновникке санкция киргизди. Азырынча бул тизмеге Беларусиянын президенти Александр Лукашенко кирген эмес.

Ал эми Балтика өлкөлөрү Латвия, Литва жана Эстония Александр Лукашенкого жана Беларусиянын башка 29 мүчөсүнө каршы санкция жарыялаган. Аларга Латвия, Литва жана Эстонияга кирүүгө тыюу салынган.

Франция президенти Эммануэль Макрон, азыр Лукашенкону тизмеге киргизүү сүйлөшүү процессине тоскоолдук кылышы мүмкүндүгүн айтат.

Эгер беларус президенти өз эли менен диалог түзө албаса, кийинчерээк ага карата да санкциялар киргизилиши мүмкүн экендиги айтылган. Буга чейин Лукашенко Евробиримдигинин санкциялар тизмесинде 2016-жылга чейин болгон.

Copyright © 2017 Maral FM