Биз менен байланышыңыз

Тихановская Лукашенконун 25-октябрга чейин кызматтан кетишин талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 460 | 0

Беларусиянын президенттигине талапкер Светлана Тихановская нааразычылык акциясынын катышуучулары менен бирге Александр Лукашенкого «элдик ультиматум» жарыялашканын, анын 25-октябрга чейин кызматтан кетиши керектигин айтты.

«Биз сүйлөшүүлөргө даяр экенибизди бир нече жолу айтканбыз. Бирок темир тор артындагы сүйлөшүү — диалог эмес. Президенттин сүйлөшүүгө даяр экендигин жарыялагандан кийин өз элин уруп-сабоосу — диалогго жатпайт. Лукашенко аткаминерлерди, коопсуздук кызматкерлерин пайдаланып, бүтүндөй Беларусияны  артка тартууга аракет кылып, келечегин жоготуп жатат. Бирок биз буга жол бербейбиз. Эки ай саясий кризис, зордук-зомбулук жана мыйзамсыздык менен өттү, жетишет. 25-октябрда биз элдик ультиматум жарыялайбыз», — деп айтылат Тихановскаянын Телеграмдагы билдирүүсүндө.

Анын айтымында, Лукашенкого 3 талап коюшуп, аткарууга 13 күн убакыт беришкен:

  • Лукашенко өзүнүн отставкасын жарыялашы керек;
  • көчөлөрдөгү зордук- зомбулук толугу менен токтотулушу керек;
  • бардык саясий туткундар бошотулушу керек;

Светлана Тихановская эгер талаптар 25-октябрга чейин аткарылбаса, «бүтүндөй өлкө көчөгө чыгат», — деп белгилеп, 26-октябрда бардык ишканалардын улуттук иш таштоосу башталып, бардык жолдор жабыла тургандыгын билдирген.

Беларусияда президенттик шайлоо 9-августта өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80,1% добуш менен жеңишке жетишкен, ал эми оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10,1%  добуш алган. Эки айдан ашуун убакытка созулган нааразычылык акциясына карабастан, Лукашенко 23-сентябрда инаугурациясын жашыруун өткөргөн.

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү, АКШ жана Украина Лукашенкону мыйзамдуу президент катары таануудан баш тартты. Европа Биримдиги 40 аткаминерге санкция киргизип жаткандыгын жарыялап, Лукашенкого каршы санкцияларды киргизүү боюнча бирдиктүү позицияны макулдашышкан. 29-сентябрда Улуу Британия жана Канада Лукашенкого, анын уулу Викторго жана Беларусиянын дагы алты жогорку даражалуу чиновнигине санкцияларды киргизген. Буга чейин Латвия, Литва жана Эстония Лукашенко баш болгон 130дай Беларусиянын чиновнигине санкцияларды кабыл алышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM