Биз менен байланышыңыз

Тихановская: Улуттук лидер болууга даярмын

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 775 | 0

Беларусиядагы оппозициячыл саясатчы Светлана Тихановская мамлекеттин башында турууга даяр экенин билдирди.

“Өлкө тынчтанып, кадимки жашоо ыргагына келиши үчүн мен өзүмө жоопкерчиликти алып, улуттук лидер катары чыгууга даярмын”, — деди Тихановская.

Ал коопсуздук күчтөрү Лукашенконун “кылмыштуу буйруктарын” аткаруудан баш тартып, эл тарабына өтсө, алардын буга чейинки жарандарга каршы жасаган аракеттери кечирилерин да кошумчалады.

Тихановская анын саясатчы болгусу келбегенин эскерип, бирок адилетсиздикке байланыштуу тагдыры ушуга алып келгенин билдирди. Анын пикиринде, 26 жыл мурун өлкө тапкан катаал чөйрөнү бузуп, өзгөрүүлөрдү алып келүү керек.

Ошондой эле ал нааразычылык акциясынын катышуучуларынын өлүмүн «Беларусия үчүн орду толгус жоготуу» деп атады жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого чакырды.

Эскерте кетсек, Тихановская Литвага 9-августта добуш берүүдөн кийин чыгып кетти. Шайлоонун расмий жыйынтыктарына ылайык, ал Лукашенкодон кийинки экинчи орунду ээлеген.

16-августта Минск шаарында “Эркиндик үчүн”  өткөн маршына 200 миңден ашык адам чыкты. Алар мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келген Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышты.

Ошол эле күнү Лукашенкону колдогон  акция да өттү. Ага 65 миң адам чогулду.

 

Copyright © 2017 Maral FM