Биз менен байланышыңыз

«Митингчилер бетпак, ууру, коррупционерлердин жүзүн ачууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Мар 2021 | 601 | 0

Митингчилер бетпак, ууру, коррупционерлердин жүзүн ачууда. Мындай пикирин журналист, эксперт Шайырбек Маматокторов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, артынан президенттик шайлоону өткөрүп, эми жергиликтүү кеңештин шайлоолоруна аттангандар — мурдагы эле бетпак, ууру, коррупционерлер. Алар болгону башка кийим кийип алышты. Мунун баарын айтып, коомго чыгаргандар — митингчилер.

Митингдин катышуучулары мыйзам бузулган учурлар тууралуу айтып жатышат.

Саясий маданиятка, өнүккөн өлкөгө жетүү үчүн жарандар, жалпы өлкө кыйын учурларды, оор күндөрдү башынан өткөрүшү керек.

«Бизде эркиндик да толук эмес. 4 миң чакырым ары жакта «кожоюндар» бар. Ошол нерселерден арылуу керек. Мындан баарыбыз бирге болгондо гана арыла алабыз. Коомду ыдыратып жаткан нерселер жөнүндө көбүрөөк ойлонгула. Адамдардын оюндагы түшүнүктөр жана идеологиялар ар түрдүү. Булардын баары бир өңчөй болгондо, биздин жетекчилер, саясий элита бир «продукцияны» сунуштаганда, бирдей көрө баштайбыз», — дейт Маматокторов.

Copyright © 2017 Maral FM