Биз менен байланышыңыз

«Митингдер эч нерсеге таасир эте албайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Мар 2021 | 532 | 0

Митингдер эч нерсеге таасир эте албайт. Мындай пикирин журналист, эксперт Шаирбек Маматокторов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экономиканын начарлашы да, өнүгүшү да митингге чейинки кадамдар болуп саналат.

Маматокторов Нарынга курулуучу логистикалык борбордун айланасында өткөн митингдерге токтолду.

Ал белгилегендей, Кыргызстанга логистикалык борбор, темир жол аба менен суудай керек. Аны курууга кыргыз тарап макул эмес. Анткени өлкөнүн саясий, жогорку деңгээлдеги чечимдери Кыргызстанда кабыл алынбайт, «бийик кызыл дубалдын» артында кабыл алынат. Бирок бул туура эмес. Кыргызстанга экономикалык жылыш керек. Инвестордун улутуна карабастан, кандай иштерди жасаганына маани берүү зарыл.

Эксперт кошумчалагандай, жаңы мыйзамда митинг өткөрүү эрежелери так камтылган.

«Сунушталып жаткан Конституцияда кескин өзгөрүүлөр бар. Мыйзамдын талаптарын бузбай митинг өткөрүүгө укук берилген. Адамдардын эркиндигин жана укугун сактайбыз десек, кээде нааразычылык акцияларына туура мамиле кылууга туура келет. Адам укугун ишке ашырып жатканда жоопкерчилик болбойт. Биз башкалардан саясий маданиятты талап кыла бербей, алгач өзүбүз үлгү болушубуз керек», — дейт Маматокторов.

Ал мындан сырткары Грузия, Украинада митинг маданияты өнүккөнүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM