Биз менен байланышыңыз

«Мамлекет митингдерге туура эмес мамиле кылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Мар 2021 | 642 | 0

Мамлекет митингдерге туура эмес мамиле кылат. Мындай пикирин журналист, эксперт Шаирбек Маматокторов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет митингдерге дайыма солгун мамиле кылып, кээде күчкө салып жиберет. Эгерде күчү жетип калса, нааразычылык акциялары токтойт. Бирок адамдардын укуктары бузулат.

Ал эми мамлекеттин күчү жетпей калып, митингчилер жеңип кетсе, күнөөсү жок Ак үй, андагы техникалар талкаланат. Натыйжада ишкерлерди күчкө салып, Ак үйдү оңдоп-түзөө иштери уюштурулат.

«Биз бейбаш элбиз. Бийлик менен коомчулук бири-бирине орой мамиле кылат. Бизде ынтымак жок. Саясий элита идеология деген түшүнүккө ээ эмес. Алар башыбызды бириктирип, бир эл кылганга жарабай, бир кресло үчүн мушташып, бири-бирине кыянаттык кылып келет. Мандат үчүн шайтан менен болсо да биригип иш кылганга даяр», — Маматокоров.

Ал мөөнөтү бүтө электе башка партияларга биригип, шайлоого аттанган парламенттин депутаттарын сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM