Биз менен байланышыңыз

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Камчы Көлбаевдин бошотулганы боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 680 | 0

Америка Кошмо Штаттары баңгизат сатуу, адам сатуу, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш иштери менен алектенген, эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, киши өлтүрүү үчүн жоопко тартылган Камчыбек Көлбаевдин бошотулгандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

«Камчыбек Көлбаевдин баңгизаттарын сатуу тармагы Борбор Азияда, Орусияда жана Европада балдарды ууландырып келет, ушул себептен АКШнын Мамлекеттик департаменти анын кылмыштуу тармагынын бузулушуна алып келген маалымат үчүн 1 миллион долларга чейин сыйлык сунуш кылган», — деп билдирди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.

Жакында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилиги менен болгон жолугушууда элчи Лу АКШнын кыргыз укук коргоо органдарынын Көлбаевдин ишин иликтөө жана сот алдында жоопко тартуу аракетин колдоо боюнча АКШнын милдеттенмесин кайталаган.

Ошондой эле ал Вашингтондун Көлбаевдин кылмыштуу тармагын бузгандыгы үчүн сунуш кылынган сыйлыкты көбөйтүү жана Кыргыз Өкмөтүнө өлкөнү Көлбаевдин кылмыштуу синдикатынын аракеттеринен келип чыккан коркунучтан арылтууга көмөктөшүү максатында кыргыз жарандарына бул сыйлыкты чогултууга мүмкүнчүлүк берүүчү өркүндөтүлгөн механизмди түзүү ниетин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM