Биз менен байланышыңыз

«Театрдын аталышын өзгөрткөндөр тарыхта шылдың катары калышат»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2021 | 978 | 0

Орустар баш тарткан символдорду кыргыздар дагы деле туу тутуп жүрүшү — элди уят кылгыдай нерсе. Мындай пикирин коомдук ишмер Эмил Үмөталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын аталышынын өзгөртүлүшү боюнча айтты.

«Мунун баары бир нече убакыттан кийин чоң шылдың менен четке кагылат. Бул чечимди кабыл алгандар элдин эсинде, тарыхта шылдың катары калышат. Ошондуктан буларга боорум ооруйт. Сын таккан адамдардын чыгышы — акыл-эсибиздин тазаланып келе жатканынын белгиси. Кулдук маанайдан тазаланып, жаңыча аң-сезим менен дүйнөнү тунук карап келе жаткан адамдардын көбөйүп келе жатканынын белгиси. Орустар колдонбогон символдор бизге көбүрөөк сиңип, тушоолоп турушу — уялгыдай нерсе. Боло берсин, мүмкүн кыргыздын намысына ушундай нерселер тиер», — дейт Үмөталиев.

Айта кетсек, театр мындан ары «А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры» деп аталат.

Маданият министрлиги Опера жана балет театры тууралуу түшүндүрмө берди

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM