Биз менен байланышыңыз

Белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы белгиленди

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 568 | 0

Бишкекте кечээ, 23-апрелде белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Театрдын холлунда Болот Миңжылкыевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө көргөзмө уюштурулган. Салтанаттуу иш-чарада президент Садыр Жапаров аталган көргөзмө менен таанышып чыкты.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү опера ырчысынын чыгармачылык жолу жөнүндө «Дүйнөнү дүңгүрөткөн бас» даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

Президент куттуктоо сөзүн сүйлөп, көрүнүктүү талант, операнын корифейи Болот Миңжылкыевдин кыргыз искусствосуна кошкон эбегейсиз салымын белгиледи.

Андан соң Болот Миңжылкыев атындагы IV Эл аралык опера искусство фестивалынын гала-концерти болду.

Copyright © 2017 Maral FM