Биз менен байланышыңыз

Үмөталиев: «Орусиядан инвестиция келет» деп, элди алдабоо керек

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2021 | 646 | 0

«Орусиядан инвестиция келет» деп, элди алдабоо керек. Учурда Орусиянын өзүнөн инвестиция чыгып кетүүдө. Мындай пикирин коомдук ишмер Эмил Үмөталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал мурдагы президенттердин тушунда да Орусиядан инвестициялар керексиз курал түрүндө келгенин эске салып, азыркы тапта да акча каражаты курал түрүндө келип калышы ыктымал экенин белгиледи.

«Ал куралды биз сураган белек, элибизге керекпи? Келсе да кимдин ишканасын коргоп, өнүгүшү үчүн келет? Биз үчүнбү же ошол эле тараптын соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүнбү? Акчанын аркасында кандай укуктук маданият турат? Эгерде ал маданият бизди жаңы деңгээлге көтөрө алса бир жөн эле. Акча элдин көйгөйлөрүнө эмес, күч органдарынын күчүнө жумшалып калышы мүмкүн. Мындай суроолорду өкмөт өкүлдөрүнө коюп, «тактап бергиле» дешибиз керек», — дейт Үмөталиев.

Ал Орусия өзү оор абалда турганын белгилеп, укук тартиби бузулуп баратканын айтты.

Мындан сырткары инвестиция келерден мурда көзөмөлдөөнү үйрөнүү керектигин, келишимдин ар бир сүйлөмүн талдоо зарылчылыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM