Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз-орус мамилесинде жаңы барак ачылды дегенге болбойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Мар 2021 | 686 | 0

Кыргыз-орус мамилесинде эски барактар кайталанып уланып, эски сөздөр, символдор колдонулуп жатса, жаңы барак ачылды дегенден баш тартам. Бул тууралуу коомдук ишмер Эмил Үмөталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Жаңы деле барак эмес, болгону тарыхыбыздын кандайдыр бир деңгээлде улануусу. Биздин Орусиянын курамында болуп келе жатканыбызга 150 жыл болуп калды. Ошондуктан бул кандайча жаңы барак болот? Бул — эски барак. Жаңы деңгээлдеги улуттук кызыкчылыкты коргоо беттери ачылса, анда заманбап болмок», — дейт Үмөталиев.

Анын айтымында, Кыргызстан учурда Орусия менен жакшы мамилесин улантуу менен бирге, келечекти көбүрөөк талкуулашы керек.

Грант берген өлкөнүн элине кылган жакылыктарын, баалуулуктарын түз карай билүү зарыл. Эгерде өлкөдө башка элдерди өзүнө тартып турган жакшылыктар болсо, анда гранттар кызматташуунун бир түрү. Акча менен бирге илим-билим, технология, жарандарына кылган мамиленин үлгүсүн алууга болот.

«Эгерде ал жерде согушка умтулган саясий ураандар күчөп, куралдуу чыр-чатактар көбөйүп турган кезде, өлкөдөгү көйгөйлөрдү да карап, «Кызматташуу улуттук кызыкчылыкка жооп береби же Кыргызстандын эски көз карандылыгынын улануусубу?» — деп акыл калчоо керек», — дейт адис.

Copyright © 2017 Maral FM