Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын Орусияга көз карандылыгы бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Мар 2021 | 825 | 0

Кыргызстандын Орусияга көз карандылыгы бар. Көп эксперттер ага күбө. Мындай пикирин коомдук ишмер Эмил Үмөталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, турмуштагы айрым чечимдер Кыргызстандын эмес, Орусиянын чечимдерине окшоп кетет.

«Өзгөчө алар эркиндикке умтулган чечимдерден айырмаланып турса. Мисалы, биз демократияга Өзбекстандан мурда умтулгансып, мактанып жүрдүк эле, бүгүн алар бүт дүйнө жүзүнө ачылып, мектептерине Америкадан 1 миң мугалим чакырып жатыптыр. Мындай кадамга Саакашвилинин гана эрки жеткен. Азыр Мирзиёв өзбектерди дүйнө соодасына аралаштыруу үчүн ири кадам жасоодо. Биздин мындай сөздөрдөн этияттап калганыбыз мококтугубуз деп эсептейм. Орусиянын мугалимдери да келе берсин, бирок бир тараптуу болуп калганыбыз эски Совет доорундагы саясатыбыздын уландысына окшошот» — дейт Үмөталиев.

Copyright © 2017 Maral FM