Биз менен байланышыңыз

«Мектеп-интернаттардан ачык эле күмөн санайм»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Мар 2021 | 848 | 0

Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев «Маралга» берген маегинде XXI кылымда мектеп-интернаттардын ачылуусун колдобой турганын билдирди.

Анын айтымында, мектеп-интернаттар XX кылымда өздөрүн актады.

Бүгүнкү күндө интернат үй-бүлө, ата-эненин таасиринен артык боло албайт жана алардын ордун баса албайт. Өсүп келе жаткан баланын эмоционалдык, психологиялык ден соолугу чың болушу үчүн ата-энесинин жанында болушу зарыл.

Үмөталиев интернатка болгон мамилени өзгөртүүгө чакырды.

«Башка улуттун өкүлдөрү өзүнө тартып жатса, анын артында билим турабы же идеология турабы? Биздин өнүгүүбүздү тилеген максатпы же өздөрүнө көндүрүү аракетиби? Ал дүйнөгө карым-катышыбыздын кеңейишине жардам береби же колониялык режимде кармоо максаты да камтылганбы? Интернаттардан ачык эле күмөн санайт элем», — дейт Үмөталиев.

Жапаров: Райондорго 44 орус тилдүү мектеп-интернат курулат

Copyright © 2017 Maral FM