Биз менен байланышыңыз

ЮНИСЕФ дистанттык окуу үчүн интернаттарга 8 телевизор берди

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 866 | 0

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү интернаттардагы балдарды аралыктан окутуу үчүн акыркы үлгүдөгү 8 телевизор жана 10 роутер алып берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабдуулар Чүй облусундагы үч интернаттык мекемеге жеткирилди.

Ушул тапта өзгөчө абал шартында интернат тибиндеги 5 мекеме иштеп жатат. Төртөө Чүй облусунда жана бирөө Ошто. Мындагы жалпы тарбиялануучулардын саны 392,  алардын ичинен 355и мектеп курагындагы балдар.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM