Биз менен байланышыңыз

Жаңы кызматта Асрандиевдин маянасы 20 эсеге азаят

Кыска кабар , Саясат | 5 Фев 2020 | 1064 | 0

Эркин Асрандиев вице-премьерликке дайындалса, маянасы буга чейинки кызматына салыштырмалуу 20 эсеге азаят. Бул тууралуу айткан депутат Сайдула Нышанов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеген Асрандиевди эмне кызыктырары тууралуу суроо узатты.

Асрандиевдин белгилегенине караганда, ал үчүн маянага караганда мамлекетке кызмат кылуу, жардам көрсөтүү маанилүү.

Айта кетсек, ЖК учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин карап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM