Биз менен байланышыңыз

Боронов: Дарыгерлер коргонуучу кийимдер менен толук камсыздалат

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 552 | 0

Тобокелдик аймагында иштеген ар бир дарыгер коргонуучу кийимдер менен толук көлөмдө камсыздалат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов айтты.

Кубатбек Боронов өзгөчө белгилегендей, штабдын бардык тапшырмалары жер-жерлерде сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керек.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүп жаткан медицина кызматкерлеринин айлык акысын каржылоо маселеси коомдо көтөрүлүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 16 млрд сомду түзөт. Бүгүнкү күнү бюджет 2,9 млрд сомго аткарылган.

«Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында медицина кызматкерлеринин ЭКК (эмгекке катышуу коэффиценти) боюнча кепилденген эмгек акысы келип түшкөн тапшырыктардын негизинде толук көлөмдө каржыланды. Бул максаттарда 1707,2 млн сом жана Социалдык фондго камсыздандыруу чегерүүлөрүнө 311,4 млн сом жумшалган. Мындан тышкары, 1-кварталда үй-бүлөлүк дарыгерлерге индикаторлорду аткаруунун жыйынтыгы боюнча 78,5 млн сом, үй-бүлөлүк медайымдарга 22,7 млн сом төлөндү.

Дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алууга 295,7 млн сом бөлүнгөн жана үстүбүздөгү жылдын апрелинде  126 млн сом каралган», — деди вице-премьер-министр.

Аида Исмаилова COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу республикада өзгөчө кырдаал режиминин киргизилишинен улам башка мекеме, уюмдар сыяктуу эле Саламаттык сактоо уюмдары кызматкерлеринин жарымын аралыктан иштөөгө же эмгек өргүүсүнө кетирген.

Аралыктан иштеген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилденген эмгек акысын алышууда. Эмгек өргүүгө жөнөтүлгөн кызматчылар өргүү акыларын мыйзам чегинде толук көлөмдө алышты. Эмгек өргүүдө же аралыктан иштеген кызматкерлер үчүн ЭКК өлчөмү азайтылышы мүмкүн, демек, төлөмдүн көлөмү да азаят. Бул Саламаттык сактоо министрлигинин ченемдик документтерине негизделген, себеби ЭКК боюнча кошумча айлык акы медицина кызматкеринин ишинин жыйынтыгы боюнча төлөнөт.

Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM