Биз менен байланышыңыз

Боронов: Азык-түлүктөрдүн баасын атайылап көтөргөндөргө катуу чара көрүлөт

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 1458 | 0

Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жана атайылап көтөргөндөргө карата өлкө мыйзамдарынын чегинде катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 15-мартта чукул кеңешмеде айтты.

Биз өлкөбүзгө коронавирустун кирүүсүнүн алдын алуу боюнча гана эмес, экономикалык туруктуулукту сактоо багытында дагы иштеп жатабыз. Бирок кечээ айрым базарларда азык-түлүк товарларын массалык түрдө сатып алуу жүрдү. Бардык мамлекеттик органдарга, облустук жана райондук жетекчилерге кечээки болгон окуя кайталанбашы үчүн базарларда абалды көзөмөлдөө тапшырмасын бердим. Бааларды атайылап жогору көтөргөндөр үчүн чара көрүлөт, алар мыйзам чегинде катуу жазага тартылышат, — деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, Экономика министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери соода түйүндөрүндө товарлардын жана азык-түлүктүн наркын негизсиз көтөрбөө, товарлардын жасалма жетишсиздигин уюштурбоо маселелери боюнча «ФРУНЗЕ», «Глобус», «Народный», «АЛМА», «Яр-Марка» жана «Городской базар» ири соода түйүндөрүнүн кожоюндары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү.

Учурда өлкө товарлар жана азык-түлүк менен жетиштүү көлөмдө камсыздалган. Айрым учурда баалардын жогорулашын эске албаганда, жалпысынан нарктын дароо көтөрүлгөн учуру жок, болгону айрым продукциянын түшүмү жыйналганга чейин баасынын жогорулашы сезондук мүнөзгө ээ.

Кубатбек Боронов чек араны жабуу тууралуу сөз болбогондугун айтып, Казакстан менен чек ара ачык экендигине жана буудай, ун жана башка азык-түлүк товарларын ташуу үзгүлтүккө учурабагандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM