Биз менен байланышыңыз

Боронов: Коронавирустун кирүүсүнө жол бербөө боюнча бардык чаралар көрүлүүдө

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 573 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барып, Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча иштердин аткарылышынан кабар алды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Орусиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүүгө катышты. Учак менен 120 жүргүнчү келген. Алардын баары учактын ичинен, андан соң конуу залынан дыкат медициналык текшерүүдөн өтүштү. Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүнчүлөрдүн кайсы өлкөдөн келгендиги аныкталып, Республикалык штаб тарабынан бекитилген өлкөлөрдүн 3 категориясы боюнча бөлүнөт.

Текшерүү процедураларын оптималдаштыруу керек. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта биргелешкен иш алып барышсын, — деди Кубатбек Боронов.

Ошону менен бирге, ал башка өлкөдөн учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерүү шарттарын жакшыртуу жана жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында кошумча өткөрмө жай ачуу маселеси караштырылып жатканын билдирди.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр убактылуу обсервация жайлары менен таанышты. Учурда мында 88 адам 14 күндүк карантинге алынган.

Copyright © 2017 Maral FM