Биз менен байланышыңыз

Новосибирсктеги мекендештердин биринчи бөлүгү кайтарылышы ыктымал

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 865 | 0

Кыргызстандан россиялык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн атайын рейс уюштуруу маселеси иштелүүдө. Учурдан пайдаланып, Новосибирсктен биздин мекендештердин биринчи бөлүгү кайтарылышы ыктымал.
Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн каттамдын так датасы жок. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ошол эле учурда биринчи вице-премьер-министр чет өлкөдө жүргөн жарандарды эпидемиянын курч мезгили өтүп кеткенче карантинде туруп турууга чакырды.

“Биз тышта жүргөн бардык жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер катуу иштеп жатышат. Болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Ошондуктан азырынча келбей, эпидемиянын курч мезгили өтүп кеткенче карантинде туруп туруу керек. Аэропорттор иштегенче баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам”, — деп кайрылды Боронов.

Жалпысынан 20-марттан тартып бүгүнкү күнгө чейин чартердик рейстер аркылуу сырттан 4769 адам мекенине алынып келинди. Учурда Түркияда дагы 360, Дубайда 300 жаран Кыргызстанга кетүүнү күтүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM