Биз менен байланышыңыз

Акысыз! Бүгүн кытайлык актерлор «Манас» операсын коет

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 684 | 0

Бүгүн, 11-июнь кечки саат 6да Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кытайдын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен Кытай Борбордук опера театрынын «Манас» операсы коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чара Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өтүүдө. 200дөн ашык актер катышкан бул операга кирүү акысыз.

Эске салсак, «Манас» эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн.

«Манас» операсы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалып, сценарийин филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы «Манас» эпосунун негизинде Кытайдын биринчи даражадагы сценаристи Ван Сяолин жазган.

Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлүп, «Манас» эпосунун эпикалык табиятын таануу максатында Синьцзян Уйгур автономдук районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусуна үч жолу барышкан. Алар кыргыздар жашаган аймактарды кыдырып, жашоо-турмушу менен таанышкан.

«Манас» операсы Кытайда 9 жолу коюлган. 2017-жылы Пекинде, 2018-жылы Нанкин, Тяньцзин шаарларында көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган. 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга расмий визитинин алкагында да «Манас» операсы көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM