Биз менен байланышыңыз

Маданият министрлиги Опера жана балет театры тууралуу түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 702 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын аталышы өзгөртүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын аталышы өзгөрүлгөн жок, болгону юридикалык документтер гана Юстиция министрлиги тарабынан берилген уставга ылайык келтирилди.

Опера жана балет театры буга чейин Юстиция министрлигинен «А. Малдыбаев атындагы В. И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры» мамлекеттик мекемеси катары каттоодон өткөн.

Өкмөттүн токтому менен документтер иретке келтирилди.

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын аталышы өзгөртүлгөнү коомдо талкуу жаратууда. Театр мындан ары «А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры» деп аталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM