Биз менен байланышыңыз

Караколдо бастырмадан өрт чыкты

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 303 | 0

Караколдо бастырмадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 28-февралда саат 16:19 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Торгоев көчөсүндө бастырмада өрт чыкты.

Өрттөн бастырманын чатыры, 150 түк саман күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 2 бөлүмү тартылып, саат 17:30 толугу менен өчүрүүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM