Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровдун Казакстандагы визитинин жүрүшү айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Фев 2021 | 949 | 0

Президент Садыр Жапаровдун 2-3-мартта Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарынын жүрүшү айтылды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Уалинин социалдык баракчасына жарыяланганын жергиликтүү басылмалар жазышты. Анда айтылгандай, президенттердин сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүнүн абалы жана келечеги талкууланып, соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты арттырууга басым жасалат. Ошондой эле транспорт жана логистика, суу-энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча да сүйлөшүүлөр жүрөт.

Мамлекет башчылары Борбордук Азиядагы, ЕАЭБдеги жана башка көп тараптуу түзүмдөрдөгү интеграциялык процесстердин өнүгүшү, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууну пландаштырууда. Сапардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM