Биз менен байланышыңыз

Катуу сууктан Ниагара шаркыратмасы тоңуп калды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 474 | 0

АКШдагы катуу сууктан Түндүк Америкадагы эң күчтүү делген Ниагара шаркыратмасы да тоңуп калды. Бул тууралуу «Daily Mail» жазды.

Соңку бир нече күндөн бери Калифорниядан Нью-Йоркко чейинки АКШнын континенталдык штаттарында аба ырайы 14төн 20 градуска чейин нөлдөн төмөн болууда. Антарктиданы элестеткен мындай суук аба ырайын Америка 20 жылдан бери көрө электигин айтат. Соңку 100 жылдан бери Ниагара шаркыратмасы алгач ирет тоңууда.

АКШда акыркы убактарда дээрлик жыл сайын аномалдык суук катталып, кар калың түшүүдө.

«Ондогон жыл мурда калың кар баскан, абанын температурасы -30 …-40 градуска жеткен Түндүк Американы элестетүү кыйын болсо, азыр эч кимди таң калтырбай калды. Жадагалса, суусу күч менен аккан Ниагара шаркыратмасы да тоңуп баштады», — деп жазылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM