Биз менен байланышыңыз

Башкыртстан: Кан жолдо 39 унаа кагылышы катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 633 | 0

Башкыртстандын Уфа-Оренбург жолунда 39 унаа кагылышкан кырсык катталды. Бул тууралуу өлкөнүн жол кырсыгын көзөмөлдөгөн инспекциясы маалымдады.

Буга чейин 20 унаанын айдоочусу рулду башкара албай калганы айтылган болчу.

Жол кырсыгы трассанын 80-километринде капталдан урган катуу шамал жана жолду көрүү мүмкүнчүлүгү начар болгондуктан келип чыккан. Анын кесепетинен 10 адам жабыркаган, анын экөө 12, 16 жаштагы кыздар экендиги айтылат маалыматта.

Кырсык орун алган жерде куткаруу тобу кызмат көрсөтүп, адамдарды унаадан чыгарып, алгачкы жардамды беришүүдө.

Катуу шамалдан улам Башкыртстандын 3 районундагы бир топ жолдор жабылган. Синоптиктердин божомолунда, аталган өлкөдө февраль ичинде -35 градуска чейинки суук аба ырайы болору күтүлүүдө. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге жетери айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM