Биз менен байланышыңыз

«Индия Кыргызстанга студенттерин жиберип, инвестиция салууга кызыкдар»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Фев 2021 | 900 | 0

Чет элдик студенттерден түшкөн акча өлкө ИДПсынын 4%ын түзөт. Башкача айтканда, 100 миң кыргызстандыкты камсыздайт. Бул тууралуу экономист Элдар Абакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, элди баккан тармакты дагы да өнүктүрүү зарыл. Индия Кыргызстанга студенттерин жиберип, инвестиция салууга кызыкдар.

«Индиянын Тышкы иштер министри белгилегендей, индус калкына жылына 200 миң дарыгер керек. Бул көрсөткүч жакынкы 10 жылда азайбайт. Билим берүүнү экспорттоо боюнча Австралия биринчи орунда турат. Бир индус Автралиядан медициналык билим алуу үчүн жылына 100-150 миң доллар акча коротот. Ал эми бизде 10-15 миң доллар. Бул сумма колунда жок индустар үчүн билим алууга ыңгайлуу. Индия Кыргызстанга студенттерин жиберүүгө кызыкдар. Биз бул мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек», — дейт Абакиров.

Ал белгилегендей, Ысык-Көлдөгү пансионаттардын айрымдарына инвестиция жасатып, ири медициналык ЖОЖдорду курууга болот. Германия, Орусия сыяктуу бир топ мамлекеттерде алдыңкы ооруканаларда иштеген кыргызстандык дарыгерлер бар. Алар менен келишим түзүп, Кыргызстанга чакырып, студенттер үчүн билим берүүсүн камсыздоого болот.

Copyright © 2017 Maral FM