Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 26-февралга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 588 | 0

24-26-февралдарда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

25-26-февралдарда абанын температурасы абдан төмөндөп:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18° суук, күндүз -6…-11° суук,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз -6… -11° суук,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин күтүлөт.

26-27-февралдарда абанын температурасы:

  • Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13° суук, күндүз -1…-6° суук,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25° суук, күндүз -7…-12° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Copyright © 2017 Maral FM