Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 22-февралда жаан-чачын күтүлөт

Кыска кабар | 21 Фев 2021 | 734 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-февралда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 1…6;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Бишкекте 22-февралда кар аралаш жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1….1, күндүз 4….6 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM