Биз менен байланышыңыз

Бүгүн эл аралык Эне тил күнү

Кыска кабар | 21 Фев 2021 | 5783 | 0

Бүгүн, 21-февраль — Эне тилдин эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул күн 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюмунун  30-сессиясында белгиленген. 2000-жылдан бери тил жана маданий түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында бир топ өлкөдө белгиленип келет. Бул майрамды «бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү» деп да аташат.

Ал эми БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн резолюциясында 2008-жылды «Эл аралык тил жылы», ал эми 2010-жылды болсо, «Эл аралык маданиятты таанытуу жылы» деп жарыяланган.

ЮНЕСКОнун изилдөөлөрү боюнча, орто эсеп менен 6 миңге жакын дүйнө тилдеринин жарымы жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда турат.

Дүйнө жүзүндө 2 миңден — 4 миңге чейин улут жана 3 миңден — 6 миңге чейин тил бар экендиги айтылып келет. Эң көп колдонулганы кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тили болуп саналат.

Кыргызстанда тилчилер кыргыз тилин өстүрүүгө эч кандай зарылчылык жок экендигин, ал өзү көркөм сөздөргө бай тил экенин айтып келишет. Мамлекеттик тилдин жогорку деңгээлде колдонулбаганынын бирден бир себеби катары расмий тилдин болушу деп эсептешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM