Биз менен байланышыңыз

Латвияда орус тилдүү мектептер латыш тилине өткөрүлүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 704 | 0

Латвиянын Конституциялык соту өлкөдөгү этникалык азчылыкты түзгөн орус улутундагы жарандардан келген арызды кароодо. Анда Билим берүү министрлиги жүргүзүп жаткан реформага ылайык, толук бойдон латыш тилинде окууга мажбур болгон орус тилдүү балдардын абалы жазылган.

Арыз ээлери орус тилдүү мектептердин калуусун, балдар өз эне тилдеринде окуусун каалаарын жазышкан.

Бирок “Улуттук биримдик” сыяктуу саясий партиялар реформаны өзгөртүүгө каршы. “Латвия-батыш элинин өлкөсү. Андыктан бары латыш тилинде сүйлөп, жазууну билсин”,-дешет алар.

2017-18-окуу жылына карата өлкө боюнча мектеп окуучуларынын чейрек бөлүгү орус тилинде билим алганы маалым болгон. Учурда орус тилдүү мектептерде окутуу 40% орусча, 60% латыш тилинде алып барылат. Ал 2021-жылга карата ишке ашуучу реформанын негизинде өзгөртүлүп 7-8-9-класстардын окуучулары 80% , ал эми 10-11-класстын окуучулары 100%га латышча билим алышы керек.

Кошумчалай кетсек, Латвия мурунку Советтер союзунун мүчөсү болуп, орус тилинен көп таасирленген өлкөлөрдүн катарын толуктайт.

Copyright © 2017 Maral FM