Биз менен байланышыңыз

«Айдоочулар — баатыр, аларды сыйлашыбыз керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Фев 2021 | 1284 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын жол транспорттук инфраструктурасынын башчысы Шаршенбек Алиев «Маралга» берген маегинде коомдук транспорттун айдоочуларын баатырга теңеп, коомчулукту аларды сыйлоого чакырды.

Анын айтымында, айдоочулардын жумушу — эң кыйын. Алар бир эле учурда унаа башкарып, жол эрежелерине көңүл бөлүп, жүргүнчүлөрдөн акча да чогултуп, айтор, баарына жетишет. Жүргүнчүлөргө сылык мамиле да чеберчиликти талап кылат. Мындан сырткары унаанын тазалыгын камсыздап, техникалык абалын байкап турушат.

«Айдоочулар күнүнө 8 сааттан иштешет. Ар бир айлампада 15 мүнөт эс алышы зарыл. Айдоочулук — эң зыяндуу кесип. Тактап айтканда, унаалардан чыккан зыяндуу заттар маршруттук таксилер жүргөн жерде көп болот. Тыгын бар, мындан улам айдоочу кир абадан дем алып жүрөт, ден соолугу кетет. Айдоочуларды сыйлашыбыз керек», — дейт Алиев.

Copyright © 2017 Maral FM