Биз менен байланышыңыз

Баткенде жаңы мыйзам боюнча 20 протокол түзүлдү

Коом | 9 Янв 2019 | 829 | 0

1-январдан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Бул эрежелердин негизинде мас айдоочуларга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айып пул төлөйт. Коопсуздук курун тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат. Бирок бул жаңы мыйзамдарга Баткендин айдоочулары арасында карама-каршы пикирлер жаралууда.

Көп жылдардан бери Баткен-Бишкек каттамында иштеп келген айдоочулар жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын өсүүсүнө каршы экендиктерин айтышууда. Алардын айтымында, айып пулдардын өсүүсү жол кырсыктарынын санын кыскартпастан, МАИ кызматында иштегөендердин капчыгын толтурууга жаны шарт түзүп берет дешүүдө.

—  40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айып пул төлөйт. Муну канти төлөйбүз. Мындай болсо карапайым калкка эле кыйын. Же болбосо МАИ кызматкерлеринин капчыгына түшөт.

-Айып пулдарды жогорулатуу, жол кырсыгын азайтат деп ойлобоймун. Андай жол менен кырсыктын санын кыскарта албайбыз. Эгер Москвадай камераларды орнотуп койсо, анда азайышы мүмкүн.

Ал эми коомчулук арасында Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр туура кадам экендигин айткандарда бар. Мунун арты менен жол кырсыктарынын саны азайып, айдоочулар арасында  жол эрежелерин бузгандардын саны кыскарат.

— Мен айдоочу катары айтсам, бул туура. Кээ бирөөлөр айлык маянаны көтөрсүн деп жатышат. Бирок айып пул менен айлыктын тиешеси жок. Ар ким өзү үчүн жооп бериши керек.

-Айып пулдарды салганы туура. Ким эрежени бузса жооп бериш керек.

-Учурда жогорку ылдамдыкта айдаган жаш өспүрүмдөр көбөйдү. Мүмкүн, ошолор үчүн жакшы  натыйжа болот

Баткен ОИИБ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт-насаат инспектору Чолпонбай Арстанбековдун айтымында, 1-январдан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдун өлчөмү көбөйдү. Учурда бул боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштери жер-жерлерде жүргүзүлүүдө. Жаңы эрежелерге ылайык, бүгүнкү күндө облус аймагында 20 протокол түзүлгөн.

— Эл көп жайгашкан жерлерде, автобекеттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. 15-январга чейин уланат. Мындан ары жол эрежесин бузбай, жаңы айып пулдар тууралуу элге жеткиликтүү болсун деп жатабыз. Негизги максат жол кырсыктарын азайтуу болуп саналат. Бирок учурда коомчулук арасында

туура түшүнбөй жаткандарда кездешет.

Жаңы эрежелерге ылайык, мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго 5500 сом айып каралган. Ушундай эле сумма куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга жана айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга тиешелүү. Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандар 300 сом, мас айдоочулар 10 миң сом айып тартып келген.

Белгилей кетсек, эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM