Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдө катталган унаалардан камсыздандыруу полиси талап кылынат

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Янв 2019 | 900 | 0

7-февралдан тарта чет өлкөдөн каттоодон өткөн автоунаалардан камсыздандыруу полиси талап кылына баштайт. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда каттоодон өткөн автоунаалар үчүн камсыздандыруу полисин алуу мөөнөтү 6 айга узартылган. Алардан полис 7-августтан тарта талап кылынат.

7-августтан тарта полистин жоктугу үчүн жеке адамдар үч миң сомго, юридикалык тараптар 13 миң сомго айыпка жыгылат.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 16 камсыздандыруу компаниясы бар. Алардын 9у ОСАГО полисин берүүгө даяр. Алардын арасында жеке менчик компаниялар да, мамлекеттик уюмдар да бар.

Copyright © 2017 Maral FM