Биз менен байланышыңыз

Токмокто унаа жолдун боюнан өрт чыкты

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 728 | 0

Бүгүн, 18-февраль күнү 18:30дар чамасында Чүй облусунун Токмок шаарындагы айланма жолдун боюнан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча өрт Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ачык аянтта камыштан чыккан.

— Өрттү өчүрүүгө саат 18:39да Токмок шаардык №21 Өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 19:14тө 1 бөлүм, саат 19:26да 1 бөлүм, саат 19:31де Токмок шаардык  №24 Өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган. Жанында  май куюучу станция (АЗС) болгондугуна байланыштуу 4 бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында саат 20:24тө чектөөгө алынган, — деп айтылат маалыматта.

Өрт май куюучу жайга жеткен эмес. Учурда өрттү толук өчүрүү аракети жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM