Биз менен байланышыңыз

Мырзаев: Кыргыз-өзбек чек арасында аткезчилик күч алууда

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 770 | 0

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын такталган тилкесинде аткезчилик күч алууда. Бул тууралуу бүгүн брифингде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын орун басары Абдулат Мырзаев билдирди.

Анын айтымында, чек арада маселе көп. Мисалы, мамлекеттик чек аранын такталган тилкесинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда мал сатуу, аткезчилик жүктөрдү өткөрүү байкалууда.

«Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн чек ара кызматтары тарабынан убактылуу инженердик объектилерди куруу тууралуу келишим түзүлгөн жана чек араны темир зым менен тосуу иштери жүргүзүлүүдө», — деди Мырзаев.

Copyright © 2017 Maral FM