Биз менен байланышыңыз

Мусулман Жоломанов Украинанын Ачык чемпионатында күмүш медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 15 Фев 2021 | 750 | 0

Мусулман Жоломанов Украинанын Ачык чемпионатында күмүш медаль алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Жеңил атлетика боюнча курама команданын мүчөсү Мусулман Жоломанов тоскоолдуктар менен 3000 метр аралыкка чуркоо боюнча (8:54:10), Украинанын Ачык чемпионатында экинчи орунду ээледи.

Мелдеш 9-12-февраль күндөрү Украинанын Сумы шаарында өттү.

Белгилей кетсек, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планына ылайык, жөө күлүктөр башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында барышты.

Copyright © 2017 Maral FM