Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Торугарт жолундагы жол кырсыгынан жети адам жабыркады

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 473 | 0

Нарын облусунун Кочкор районунда 14-февралда «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолунун 170-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) «Honda-Stepwgn» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  унаадагы жалпы 7 адам ар кандай жеңил жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.

Жерине куткаруучулар тартылып, тиешелүү жардамдарын беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM