Биз менен байланышыңыз

Ташиевдин операциядан кийинки абалы айтылды

Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 853 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жүрөгүнө жасалган операциядан кийин абалы жакшы экендиги айтылууда.

Ташиев кечээ, 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы бейтапкананын биринде жүрөгүнөн операция болду. Президент Садыр Жапаров «Телеграмдагы» каналына «Ташиев жүрөгүнөн операциядан кийин өзүн жакшы сезүүдө» деп жазды.

Ташиевдин жакындары социалдык тармактарда үч саатка созулган хирургиялык операция «өтө оор жүргөнүн» жазышты. Ошондой эле, УКМК төрагасы: «Экинчи ирет туулдум окшойт. Эмки жашоо мага элимден белек. Демек, мен да элиме татыктуу кызматым менен, элиме кылган эмгегим менен жооп беремин», — деп билдиргенин кошумчалашкан.

Ташиев буга чейин дарыгер Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен чет өлкөгө дарыланууга барууга аргасыз болуп жатканын жана 6-февралда жөнөп кетерин айткан.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт.

Copyright © 2017 Maral FM