Биз менен байланышыңыз

Димаш Кудайбергенов чыгармачылыгын Америкада улантат

Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов англис тилдүү басылмалардын бирине маек берип жатып, жакында Америкага кетерин жарыялады.⠀

Ал мунун себебин: «Америка музыка талаасынын ордосу болгондуктан, ал жакта чыгармачылыкты жайылтуу жана өркүндөтүү оңой», — деп түшүндүрдү.

Таланттуу ырчы сөз арасында Кытайда жашаган күндөрүн да эскерип, бул өлкөнүн меймандостугу жагарын, эли абдан ынтымактуу келерин, ал жактагы аудиториясы абдан камкор экенин баса белгиледи.

Ырчынын айтымында, баарынан мурда ал күйөрмандары менен баарлашуудан жана ата-энесин кубантуудан эргүү алат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM