Биз менен байланышыңыз

«Жаш балдар арасында кант диабети көбөйүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2021 | 1303 | 0

Жаш балдардын арасында кант диабетине чалдыккан учурлар көбөйүүдө. Анткени өндүрүүчүлөр таттууларга бир гана кумшекерди кошпостон, даам күчөткүчтөрдү, консерванттарды, боёкторду да аралаштырып жатышат. Бул тууралуу нутрициолог Марина Дүйшөнкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кумшекерде адам организмине пайдалуу эч нерсе жок. Кант диабетине эң биринчи кезекте туура эмес тамактануу себеп болот.

«Трансмайлар — табигий май эмес. Натуралдык май да тарнсмайга айланып калышы мүмкүн. Мисалы, өсүмдүк майын жогорку температурада ысытканда анын курамындагы Е витамини жоголот. Натыйжада май токсиндерди чыгара баштайт. Маргарин трансмай болуп саналат. Мындай майлар холестеринди көбөйтүп, жүрөк-кан тамыр ооруларына жол ачат. Кыргызстанда жарнамаларга 85% пайдасыз азыктар чыгарылат», — дейт адис.

Ал ар бир ата-энени өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгына салым кошпостон, баласынын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM