Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө 60 миңден ашуун адам кант диабети менен ооруйт

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 456 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кант диабети боюнча ченемдик-укуктук актыларды талдоо үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүүнү жана биотехнологиялык дары-дармектерди колдонууну жөнгө салган ченемдик документтерди иштеп чыгууну, ошондой эле мыйзамды ишке ашырууга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекова мындан тышкары, кант диабетинен жана башка илдеттерден жабыркап, окуу процесси учурунда дары ичүүсү же башка инъекциялык манипуляцияларды жасоосу керек болгон, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндөгү балдарга мектептерде тийиштүү шарттарды түзүүнүн маанисин белгилеп өттү.

Вице-премьер-министр билдиргендей, өлкөнүн билим берүү мекемелеринде майып балдар үчүн окуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу максатында инклюзивдик билим берүү тутуму киргизилүүдө. Ал кант диабетин эрте аныктоо жана оорулардын алдын алуу үчүн бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда «Диабет мектеби» бөлмөлөрүн ачып, үй-бүлөлүк медайымдарга кант диабети тууралуу алдын алуу иш-чараларын өткөрүү боюнча модулдарды иштеп чыгуу керектигин баса көрсөттү.

Кошумчалай кетсек,  расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө 60 миңден ашуун адам кант диабети менен ооруйт. Бирок дартка чалдыккандардын саны бир кыйла көп болушу мүмкүн. Себеби, диабет көп убакыт бою эч кандай белгисиз өтөт. Мындан тышкары, өлкөдө кантсыз диабет менен 770 адам ооруйт. Эл аралык диабет федерациясынын статистикасына ылайык, дүйнөдө 425 миллиондон ашуун адам кант диабетинен жабыркайт.

Copyright © 2017 Maral FM