Биз менен байланышыңыз

Кант диабети менен ооругандар үчүн коронавирус 12 эсе кооптуу

Блог , Ден соолук | 28 Июл 2020 | 5284 | 0

Кант диабети бар адамдарга COVID-19 жуккандан кийин каза болуп калуу тобокелчилиги 12 эсе жогорулап, башка адамдарга салыштырмалуу алты эсеге көбүрөөк ооруканага жатууга муктаж болорун АКШнын Калифорния университетинин окумуштууларына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышкан. Кант диабети жана жүрөк кан тамыр оорулары коронавирустан улам абалы оорлошуп кеткен факторлордун башында турабы? Диабети барлар кантип сактанып, кантип коргонсо болот?  Бул боюнча инфекционист-пульмонолог дарыгер Аида Зурдинова жооп берди.

-Кант диабети жана жүрөк кан тамыр оорулары менен ооругандар коронавируска көбүрөөк чалдыгабы?

-Кант диабети жана жүрөк кан тамыр оорулары менен ооругандар коронавируска көбүрөөк чалдыгат деп эл аралык изилдөөчүлөр билдиришкен. Бирок, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын канча пайызы кант диабети, канча пайызы жүрөк кан тамырлары оорусу менен ооругандыгы азырынча иликтене элек. Анткени ар бир өлкөнүн өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Ошондуктан, убакыт өткөндөн кийин гана, анализдеп так айтса болот.

-Кант диабети менен ооругандарга коронавирус жукса 100% оор болот деген туура эмеспи?

Коронавирусту изилдегендер анын кандын уюшун шарттай тургандыгын аныкташкан. Кант диабети жана жүрөк кан тамыр оорулары кандын уюшуна көмөктөшөт. Аталган ооруларда кандын уюшу өзунчө бир фактор. Ошондуктан коронавируска чалдыкканда эки жагынан күчөткөндөй болуп жатат. Бирок кант диабети жана жүрөк кан тамыр ооруларына чалдыккандар канды суюлтуш үчүн көпчүлүгү аспирин, варфарин деген дарыларды ичип жүрүшөт. Алар кандын айланышын жакшыртып турат. Ошондуктан коронавирус жукса, 100% оор болот деген туура эмес. Оорунун оор өтүшү аталган оорулардан башка деле факторго байланыштуу болушу мүмкүн. Ошол эле учурда элдин 80%ы жеңил өткөрүп, 20% орто жана оор өткөрүшү мүмкүн деген алдын ала божомолдор бар.

-Кант диабети жана жүрөк кан тамыр оорулары менен ооругандардын иммунитети төмөн болобу?

-Кант диабети жана жүрөк кан тамыр оорулары менен ооругандардын иммунитети төмөн болот деген туура эмес. Алар өз убагында дарыларын ичип, туура тамактанып, диетасын кармаса, алардын иммунитети жакшы болот. Эч кандай коркунуч жана терс жактары жок. Болгону кант диабети барлар коронавируска чалдыкса, кандагы канттын көрсөткүчү, дэңгээли көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ошол эле учурда таттуу кандын уюшу да тезирээк болуп кетет. Ошондуктан кант диабети менен ооругандарды эндокринологдор жана үй-бүлөлүк дарыгерлер ар үч саат сайын глюкометрдин жардам менен кандагы канттын дэңгээлин текшерип турууну сунушташат. Ошол эле учурда коронавирустун эң алгачкы белгилери пайда болгондо өздөрүнүн дарыгерлерине кайрылып, ал боюнча билдирип коюш керек.

-Дүрбөлөңгө алдырууга негиз жокпу?

-Өзү коронавирустан тышкары эле негизги тобокелчилиги бар ооруларга инфаркт, инсульт, кан диабети оорулары кирет. Ошондуктан аны 100% коронавируска байланыштуу деп айта албайбыз. Коронавирусу жок эле бул оорулар тобокел алдында турган жана ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө турган оорулар болуп саналат. Ошондуктан аталган оору менен ооругандар өздөрүнө жазылган дарыгерлердин көрсөтмөсүн так аткарып турса, оору жеңил деле өтүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан эч кандай дүрбөлөңгө алдырууга негиз жок.

-Диабети барлар жана жүрөк кан тамыр оорулары менен ооругандар коронавирустан кантип коргонсо болот?

— Ооруга кабылбоо үчүн алдын ала сөзсүз түрдө аралыкты жана гигиенаны сакташ керек.

Аталган оорусу барлар өзүнө күндөлүк ачып, ооруп-оорубагандыгы боюнча, ден соолугундагы ар бир өзгөрүүлөрдү жазып турушу керек. Күндө кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин текшерип туруш керек. Ичип жүргөн дарыларын калтырбай, өз убагында ичип жүрүүсү керек.

Канды уютпаш үчүн дарыгерлер жазып берген дарыларды ичип туруусу керек. Ошондой эле күнүнө 3-4 маал, 5-10 мүнөттөн дем алууну жакшырткан көнүгүүлөрдү жасап, эрте менен эрте туруп басып, кыймылдаш керек. Жатып алганга болбойт. Бирок, эшикке чыкканда беткап тагынып, аралыкты сактап, бардык шарттарды сакташ керек.

Организм канча суу талап кылса, жетиштүү деңгээлде суу ичип, ошол эле учурда кант диабети жана жүрөк кан тамыр оорулары менен ооругандар канча суу ичип, канча заара кылганына көңүл бөлүш керек. Анткени бул оорунун жүрүшүн көзөмөлдөөдөгү эң негизги маселе болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM