Биз менен байланышыңыз

«Жаш куракка жараша тамактануу зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2021 | 678 | 0

Туура тамактанууда жаш куракка маани берүү зарыл. Маселен, 6 айга чейин ымыркай жалаң гана эне сүтү менен азыктанышы керек. Андан соң азыраак өлчөмдө башка азыктарды берүүгө болот. Анткени баланын организми жаңы азыктарга көнүшү шарт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси, нутрициолог Марина Дүйшөнкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«6 айга толгон соң мөмө-жемиштерди, 7 айынан тарта эт, жер-жемиштерди берсе болот. Бала бир жашка чыкканда, үй-бүлө мүчөлөрүнө кошулуп кадимкидей тамактанат. Бирок 1 жашка чейин уйдун сүтүн бербөө сунушталат. Анткени ымыркайдын ашказаны ага даяр болбойт. Себеби эненин сүтү менен уйдун сүтүнүн айырмачылыгы абдан чоң», — дейт адис.

Анын айтымында, өспүрүмдөрдүн сулуулук үчүн түрдүү диеталарды кармоосу туура эмес. Анткени адамдын организми 18-20 жашка чейин өсөт. Ал убакта организмге ар кандай микроэлементтер, витаминдер талап кылынат. Ал эми диета ага тоскоолдук жаратат. Мындан улам аны жокко чыгаруу зарыл.

20-30 жаш аралыгында адамда зат алмашуу процесси активдүү болгондуктан, канча көп азык желсе да, толуп кетпейт.

30-40 жаш куракта зат алмашуу жайлай баштайт. Андыктан туура эмес тамактануу ашыкча салмакка, ал бир топ жугуштуу эмес ооруларга алып келиши ыктымал.

50-60-жаштан соң туура тамактанууга кылдат мамиле жасоо зарыл. Тамак-аштын 50%ын мөмө-жемиш түзүшү шарт. Рационго куурулган тамактарды, таттууларды кошпоо керек. Ошол эле учурда газдалган таттуу суусундуктардан толук баш тартуу сунушталат.

«Жаш курагына, иммунитетинин статусуна карабай, бардык адамдарга туздуу азыктарды азайтуу сунушталат. Адамга бир күнгө 5 грамм туз жетиштүү. Нормадан ашыкча керектөө кан басымдын жогорулашына жол ачат», — дейт нутрицолог.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM