Биз менен байланышыңыз

«Адам сууну салмагына жараша ичиши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2021 | 1724 | 0

Адам сууну салмагына жараша ичиши керек. Бул тууралуу нутрициолог Марина Дүйшөнкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир килограмм үчүн 30 мг суу ичүү сунушталат. Маселен, салмагы 50 килограмм болгон адам бир күндө 1.5 литр суу ичиши керек.

Мындан сырткары күнүнө 400 гр мөмө жана жашылча-жемиш жеп туруу пайдалуу.

«Кара нан, ак эт жеген дагы да пайдалуу. Кой этин сиңирүү көп убакытты жана энергияны талап кылат. Кечки тамакты уктаардан 3 саат мурда ичүү керек. Мүмкүн болсо, улгеводдорду рациондон азайтуу зарыл. Жогорку сорттогу ундарда дээрлик витаминдер аз. Аны 1-2 сорттогу унга алмаштырган оң», — дейт Дүйшөнкулова.

Ал белгилегендей, витаминдерди өз алдынча эмес, дарыгердин көзөмөлүндө гана ичүү керек. Анткени организмде витамин көбөйүп кетсе, түшүрүү оорчулук жаратат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM