Биз менен байланышыңыз

Коронавируска кабылгандардын арасында кант диабети дарты барлары да чыкты

Кыска кабар | 21 Мар 2020 | 950 | 0

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жалпы 12 адамдын жарымы – аялдар, жарымы – эркектер. Улгайгандардын айрымдарында кант диабети сыяктуу кошумча дарттары бар.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков Өкмөттө бүгүн, 21-мартта өткөн брифингде айтты.

Ооруга чалдыккандардын жаш-курагы – 45тен 75 жашка чейин.

Бул жарандардын бардыгы изоляцияга алынып, тийиштүү тартипте дарыланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM