Биз менен байланышыңыз

Жамиля Муратова: Түрк тилин үйрөнүп, түрк адабиятын окуп жатам

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Жамиля Муратова «Мен жана мезгил» программасында конокто болду.

— Жамиля айым, устат катары шакирттерди кандай тарбиялап жатасыз?

— Чыгармачылык деген эч жакка жоголбойт, калып калбайт, анан унутулбайт экен. Ушул тармакта жүргөн киши кайрыксыз, эргүүсүз калбайт. Андыктан, акырындап ырлар да жаралып жатат; педагогикалык иштерим да уланууда. Окуучуларым менин нугума, сабак берүү усулума, жараткан обондорума айкалышып, мүнөзү, вокалдык жөндөмү боюнча төп келишсе, анда мен ыр жазып берип, белек кылам. Анткени, ошондой шарттарды басып өткөн адам жакшы белекке татыктуу.

— «Төрөлгөндөн  баштап эле, музыка тармагын терең казып келатам» деп калдыңыз…

— Балалыгым жаркылдаган сонун кез эле. Ата-энем музыкант болгондугуна байланыштуу, 1970-жылдардын башында мен да көптөгөн гостролдорго чогуу барып, концерттин кандай өтөрүн өз көзүм менен көрүп чоңойгом. Ошол учурда Рыспай Абдыкадыров, Чоро Кожомжаров, Гүлсүн Мамашева, Сабира Суранчиева, Зейнеп Шакеева өңдүү көптөгөн залкарлардын ырдаганын угуп, музыкасын жан дүйнөмө сиңирип жүргөнүмдү кийин түшүндүм. 6 жашымдан баштап музыкалык мектепке барып баштадым. Андан соң Муратаалы Куреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, ошол жерди аяктадым. Ойлонсом, 6 жашымда музыка тармагынан сабак алып баштап, 26 жашымда аяктаган экем (күлүп). Ошентип эле жашоом музыка менен өтүп келе жатат.

— Сизди элге тааныткан ыр?

— Сөзү Турар Кожомбердиевге таандык «Айлуу түн» ыры. Эң алгачкы ырдап чыккан ырым — дал ушул. Андан сырткары, элдик эски чыгармаларга заманбап аранжировка жаздырып ырдап жүрдүм. Кийин мени чоң атактуулукка жетелеген «Ак кайың» ыры болду. Аны жаздырып жаткан учурда мындай хит болуп кетет деген ой такыр жок эле. Ал эми азыр болсо, бул ыр меники эмес, жалпы элдики болуп калды.

— Алдыда сизден кандай жаңылыктарды күтсөк болот ? Чыгармачылыктагы жаңылануулар жөнүндө кеп кылсаңыз?

— Негизи, кыргыз эли таланттарга бай. Ошолордун ичинен музыкалык билим алып, ушул чөйрөгө аралашкысы келип, бирок ал кыялына жетпей калгандар да бар. Мен атайын таланттарга арнап, музыкалык окутуу студиясын ачып, өзгөчө талантка ээ балдарды сууруп чыгып, чоң сахнага алып чыксам деген ниетим бар. Ошону менен биргеликте эле өзүмдүн чыгармачылыгымды да унутпай кошо ала кетем.

— Мугалимдик кесип жөнүндө да кеп болуп кетти. Дал ушул кесип тууралуу айта кетсениз…  

— Мугалим бардык билгенин балдарга үйрөтөйүн деп аракет кылат. Ошону менен биргеликте эле ал баланы окутуу үчүн ар биринин жан дүйнөсүн түшүнүп, ошого жараша мамиле кылуусу абзел. Бул кесип мага абдан жагат.  Кичинемден эле музыка сабагынан мугалим болууну каалар элем. Жаш кезимден бул чөйрөгө аралашып, чыгармачылыктын көп нерсесин билип калдым. Эми ошолорду кайра жаштарга үйрөтүүм керек.

— Ийгиликке жетүүнүн кадамдары…

— Ар бир адам ар кандай тоскоолдуктарга жолугат. Анын милдети — ошону жеңип өтүү. Эгерде сынбай басып өтсө, ийгиликке жакындаганы — ошол. А моюн сунуп берсе, ийгиликтүү болушу күмөн. Мындай нерселерге көңүл бурбоого аракет кылам. «Бул жолкусунда болбосо, кийинкиде жакшы болот» деп алдыга жыла берем.

— Жан дүйнөңүздү эмне менен байытасыз?

— Адам музыканы, адамдарды, жаратылышты сүйүшү керек. Мен көбүнчө ыр китептерин барактайм. Улуу, орто, кичүү муундагы акындардын ырларын окуп, сөздөрүнө терең маани берем. Анан ошол сөздүн күчү менен обон да чыгарам. Мен ушундай жолдор менен жан дүйнөмдү байытам.

Жараткан обондоруңуз менен жеке жашооңуздун байланышы барбы?

— Кээ бир адамдар: «Ырдаган ырларыңыз өз өмүр баяныңыздан алынганбы?» — деп сурап калышат. Негизи андай эмес, жеке жашоомду сыртка көп чыгара бербейм. Чыгармачылыгым болсо, ал — өзүнчө дүйнө. Жеке жашоом менен таптакыр коошпойт.

— «Жеке китепканам бар», — деп айтып калдыңыз. Болжол менен канча китебиңиз бар?

— Ал китепкана мага чоң энемден мурас болуп калган. Чоң атам Жумакан Муратов 1940-50-жылдары акын, журналист, котормочу болгон. Дүйнөдөн эрте өтпөгөндө, балким дагы көп чыгармаларды жаратмак. Көбүнчө араб чыгармаларын кыргызчага которуп, өзү да ар кандай чыгармаларды жазган экен. Азыр китепканада чоң атамдын китептери менен биргеликте, ошол убактагы эски китептер бар. Менден кийинки муун үчүн жаңы китептер менен толуктап жатам. Бирок, азыркы жаштар китепке караганда, телефонду көп карап калышты. Мындай баалуулукту эч качан унутпашыбыз керек.

Аялзатынын максатка жетүүсүнө, өзүн табуусуна кандай кеңеш бересиз?

— Бир нерсе кылууда адашуудан коркпоо керек. Ошол адашуудан, соккудан кийин гана биз туура жолду табабыз. Мүдүрүлүп чалынгыла, кулагыла! Бирок, сөзсүз кайра бутка тургула! Эң негизгиси, аял — аялдык сапатын жоготпосо. Дайыма өзүн-өзү сүйүшү керек. Акыркы учурларда бир аз жүрөгүмдү өйүткөн нерсе, кээ бир аялдар өзүн мырзалардан жогору сезип алышты. Ал канчалык колу бийиктикке жетсе да, эркектен бир кадам ылдый жүрүшү керек. Мыкты аял жолдошуна дем-күч берип, аны ийгиликке жетелейт. Мындай нерсени көргөн балдары да ошондой жакшы тарбия алып, эртең эле өзү үй-бүлө курганда, өз ата-энесин кайталашат. Тартиптүү үй-бүлөдөн тартиптүү коом түзүлөт. Аял киши үй-бүлөнү, жумушту да алып кетиши керек. Болуп жаткан терс нерселери үчүн башкаларды күнөөлөбөй, талапты өзүнө коюусу абзел. Жашоону сүйгүлө, музыканы сүйгүлө! Себеби музыка жан дүйнөгө азык берет.

— Жогорудагы ойго эле толуктоо киргизип койсоңуз. Бул жашоо сизге эмнени үйрөттү?

— Ар бир кыйынчылыктан сабак алдым. Эч кимге жүгүмдү артпай, бардыгын өзүң жасашың керек. Албетте, ата-эне, жакындар менен кеңешип иш кыласың. Айрыкча эненин кеңеши — эч бир нерсеге алмашкыс байлык. Ошондуктан, адамдар менен кеңешип, акыл-кеп сурап, жашообузду андан ары улантабыз.

— Дагы кандай кесипте окууну, кайсы кесипти үйрөнүүнү каалайсыз?

— Биз советтик өлкөнүн балдарыбыз да. Ал учурда бизди бардык тармактан үйрөткөн экен. Ошол эле так илимдер, гуманитардык илимдер, эмгек жаатында да. Ал кезде эркек балдарды, кыз кишини өзүнчө окутушчу.  Ошондо эле аялзатына тиешелүү болгон сайма саюу, тамак жасоодон баштап, идиш-аяк жууганга чейин бардык иштерди кошо үйрөткөн экен. Ошол тарбиядан уламбы, тигүү иштерине, кийимдердин эскиздерин чийүүгө кызыгам. Сахнага кийип чыккан формаларымдын көбүн өзүм чийип даярдайм. Ушул иш менен жакшылап алек болгонго менде азыр убакыт аз болуп жүрөт. Бирок жүрөгүмдө ошол каалоо бар.

Бир окуя эсиме түштү. Мындан 10-15 жыл мурун болсо керек. Маданият министрлигинин «Бир ишке кызматкер керек» деген жарыясын угуп, керектүү документтерди чогултуп, катышып көрдүм. Бардык турларынан өтүп келип, эң акырында компьютерди билбегеним үчүн жумушка албай коюшкан. Ошондо аябай намыстанып, ал жерден чыгып алып, Лена деген досума барып, компьютер баскылаганды үйрөнө баштадым. Ошентип, бир ай барып жүрүп, үйрөнгөм. Мындан 7-8 жыл мурун адамдар менен пикир алышуу үчүн башка тилди да үйрөнүшүм керек экен деп, түрк тилин өздөштүрдүм.  Азыркы учурда түрк адабиятына да кызыгып окуп жүрөм. Андан сырткары режиссура тармагынан билим алгым келет.

Copyright © 2017 Maral FM